• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Эмчек сүтүн ичкен балдар ден соолугу менен айырмаланышат - Узакбаев

Ден соолук 0

Бишкек, 01.08.18. /Кабар/. Ушул жумада дүйнө жүзүндө баланы эмизүүнү колдоо, коргоо боюнча темаларга арналган иш-чаралар өтүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев билдирди.

Анын билдиргенине караганда, эмизүүнү коргоо жана колдоо үчүн Кыргызстанда “Баланы эмизүүнү коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу үчүн каражаттардын жана өндүрүштөрдүн маркетингин жөнгө салуу жөнүндө” мыйзам бар. Ал 2008-жылы кабыл алынган.

“КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандык коомчулук жана өнөктөштөрү менен бирге балдарды эмизүүнүн ылайыктуу практикасын киргизүү саясатын жүргүзүп жатат (төрөгөндөн кийин бир сааттын ичинде жаңы төрөлгөн ымыркайды эненин көкүрөгүнө жаткыруу, баланы 6 айына чейин сөзсүз эмизүү, баланын рационуна жарым катуу жана катуу тамак-аштарды 6-ай бүткөндөн кийин кошуу, 2 жашка чейин улантып эмизүү). Баланы 2 жашка чейин эмизүү жана 6 айдан баштап кошумча тамак берүү жаш балдардын өлүмүнүн алдын алат”, - деди Узакбаев.

Ошондой эле ал баланы эмизүү жаңы төрөлгөн ымыркайларды аларга керектүү болгон азыктар менен камсыздандыруунун эң мыкты жолу экендигин кбелгиледи. Эмчек сүтү балдарга ден соолугунун чың болушу үчүн, өнүгүүсү үчүн бардык азыктарды, баланы диарея, пневмония сыяктуу оорулардан коргоочу антителаларды камтыйт.

“Эмизилген балдар жакшы мүнөз, ата-энесине, дүйнөгө болгон сүйүүсү менен айырмаланып турат”, - деп кошумчалады Узакбаев.

Пикир

Оставить комментарий