• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Эмдөөгө чейин сөзсүз антителону текшерүү керекпи? Дарыгердин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. Эмдөөгө чейин сөзсүз антителону текшерүү керекпи? Бул суроого Вирус инфекцияларына каршы күрөшүү боюнча илимий-практикалык борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов брифинг учурунда жооп берди.

Анын айтымында, эмдөөгө чейин антителонун деңгээлин билүү милдеттүү эмес, анткени көп жерде COVID-19га антителону текшерүүгө лабораториялар жок.

“Эгерде антитело жок болсо, эмдөөдөн кийин вируска каршы иммунитет көтөрүлөт. Ал эми, антитело бар болгон учурда, анын саны вируска каршы көбөйөт”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий