• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эмдөө жылына миллиондогон адамдарды оорудан жана майыптыктан сактайт

Ден соолук 0

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Эмдөө жылына 2-3 млн өлүмдүн алдын алат жана күнүнө он миңдеген адамдын өмүрүн сактап, миллиондогон адамдарды оорудан жана майыптыктан сактайт. Бул тууралуу Республикалык штабдын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эмдөөнүн натыйжасында Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайлардын арасында полиомиелит, дифтерия, туберкулез менингити жана столбняк, 1 жашка чейинки балдарда вирустук гетатит В катталган эмес. Көк жөтөл, эпидемиологиялык паротит, кызамык жана кызылча оорулары бир кыйла азайган.

Эмдөөдөн баш тартууда коллективдүү иммунитеттин төмөндөп кетүүсүнө жана ар кандай жугуштуу вирустардын көбөйүп кетүүсүнө алып келет. Коллективдүү иммунитеттин 80%дан ылдыйлап кетүүсү өлкөдө эпимедия коркунучун жаратышы мүмкүн.

COVID-19 пандемиясы – жугуштуу оорулардын коркунучтуу экендигин жана бул учурда вакцина вирустан коргой тургандыгын далилдеп турат, натыйжада кадимки жай турмушка кайтууга жардам берет.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги кыргызстандыктарга кайсы вакциналар сунушталып жаткандыгы тууралуу маалымат берген.

Пикир

Оставить комментарий