• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан көк бөрү боюнча Дүйнө чемпионатын өткөрөт – Аманкулов

Спорт 0

Бишкек, 16.02.19 /Кабар/. Жакынкы жылдары Кыргызстанда көк бөрү боюнча Дүйнө чемпионатын жана Азия биринчилигин өткөрүүнү пландап жатабыз. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Улуттук спортту өнүктүрүү программасын даярдалып жатат. "Ал программа кабыл алынганда, биз дагы быйыл болбосо, эмдиги жылы Дүйнө биринчилигин жана Азия чемпионатын Кыргызстанда өткөзүүнү сүйлөшүп, даярданып жатабыз. Бул турнирлер Ысык-Көлдө өтөт. Бардык шарттарыбыз дагы, мүмкүнчүлүгүбүз дагы бар. Келебиз деген командалар дагы бар", - деп билдирди Аманкулов.

Астанада кабыл алынган чечим тууралу сөз кылып, Аманкулов ал чечим кыргыз көк бөрүсүнө балта чапты же таасири тийди деген пикирден алыспыз, - деп кошумчалады.

Аманкуловдун айтымында, Ташкентте өтөт турган Дүйнө биринчилик өтөт деп айтылып атат, бирок ал жерде көк бөрү деген сөз жок, көкпар айтылып атат.

"Көкпар боюнча Астанада чемпионат өткөн. Биз сүйлөшүп, биздин балдар барып, көкпар ойноп келишкен. Кыргызстанда өткөргөндө көк бөрү деп өткөзөбүз. Ошол турнирлерге алар келип, көк бөрүнүн эрежелери менен ойногон. Мен ойлойм, алардын чечими биздин көк бөрүгө кандайдыр бир таасири тийбейт. Аларда көкпар болсо, көкпар боло берсин. Биз өзүбүздүн көк бөрүбүздү өнүктүрө беребиз", - деди Канат Аманкулов.

Пикир

Оставить комментарий