• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эмгек китепчесин мыйзамсыз түрдө бербей койгон бөлүм башчыга айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 18-июль /Кабар/. Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дооронбеков Марат кызматтык абалын пайдаланып, иштеп кеткен ишкерлерге одоно мамиле жасап, алардын эмгек китепчелерин бербей, мыйзамсыз иштерге барган. Тактап айтканда, Н.Субанбекова “Гулзар” бала бакчасында бир топ жыл эмгектенгенден кийин өз ыктыяры менен арыз жазып кеткен. Бирок башка ишке орношкондугуна байланыштуу эмгек китепчесин мурунку ишинен ала албай келген. Мамэкотехинспекцияга арыз менен кайрылууга мажбур болгон Н.Субанбекова, эмгек китепчесин аталган билим берүү бөлүм башчысы Дооронбеков тарабынан берилбей жаткандыгынан кабар берген. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Мамэкотехинспекциянын Талас облусу боюнча эмгекти коргоо инспекторлору арыздын негизинде Марат Дооронбековго барганда, билим берүү бөлүм башчысы инспекторлорго орой мамиле жасап, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кабинеттен кууп чыкканга чейин барган. Кызматта өзүн алып жүргөндү билбеген Дооронбеков маданиятсыз кыймыл аракети менен инспекторлорго баш ийген эмес.

Мыйзамга ылайык, эмгек китепчеси өз убагында берилбей калган учурда Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 65-беренесинде “Кызматкерди бошотууда кызмат берүүчүнүн күнөөсү боюнча эмгек китепчеси өз убагында берилбегендиги үчүн кызмат берүүчү эмгек китепчесин бербей кармаган ар бир күн үчүн кызматкерге ар күндүк орточо эмгек акысын төлөп берет”. Буга байланыштуу Мамэкотехинспекциянын Талас облусу боюнча инспекторлору Билим берүү министри Гульмира Кудайбердиевага Дооронбековдун кызматтык абалын көзөмөлдөө боюнча кат жолдошту, себеби билим берүү багытындагы чон жоопкерчиликтуу кызматты ээлеп туруп, мындай одоно мыйзам бузуу менен, оңтойсуз жүрүм-турумга барып жатканы билим берүү министрлигинин ишмердүүлүгүнүн тескери жактарын көрсөтүп, үлгү болгондун ордуна билим берүү тармагына көлөкө түшүрүүдө.

Ал эми инспекторлор тарабынан аталган жаранга мыйзам талабын аткарбагандыгы үчүн 7500 сом өлчөмүндө административдик айып салынды.

Пикир

Оставить комментарий