• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

740 миңден ашуун жараныбыз чет өлкөлөрдө иштеп жатышат - Н.Шерипов

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28-июнь /Кабар/. Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 27-июндагы жыйынында «Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу маселе каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, бул багытта баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шериповдун айтымында, азыркы тапта 740 миңден ашуун мекендештерибиз мигрант болуп чет өлкөлөрдө иштеп жатышат. Алардын 15 миңге жакыны Түркияга, 29 миңге жакыны Казакстанга туура келет. Россияда 600 миңге жакын мигранттарыбыз бар болсо, Кореяда 5 миңге чукул жарандарыбыз ишке тартылган.

Көйгөйлүү маселелердин бири “кара тизмеге” кирген мигранттардын тагдыры. Бул жаатта Россиянын 12 мамлекеттик органы текшерүү иштерин жүргүзүшөт. Ошол “кара тизмеге” илинип калган жарандарыбыз 2015-жылдын январь айына карата 180 миң кишини түзгөн болсо. Эки жыл аралыгында алардын эсеби 106 миң болуп азайган. Бул багытта Президент, парламент жана өкмөттөр аралык алакалардын натыйжалуу жыйынтык берип жаткандыгын белгилесек болот,- дейт Н.Шерипов.

Ошондой эле эмгек мигранттарынын айлык маяналары менен өз убагында эсептешпеген иш берүүчүлөр дагы бар. Бул боюнча топтолгон карыздардын эсеби 46 млн. рублга жеткен болсо, азыр анын 16 млн. рубли өндүрүлгөн.

Талкууда депутат Аида Касымалиева, - миграциялык агымдагы кыз-келиндердин укуктарын ким коргойт? Гендердик багытта бериле турган кеңештер кимдер тарабынан жүргүзүлүш керек? Кыз – келиндердин ден соолугуна ким, Кыргызстан кам көрүш керекпи? Же Россиябы? – деген суроолорду баяндамачыга жолдоду.

Депутат Үмбеталы Кыдыралиев,- “Мигранттар менен диаспоралар жакшы иштеп жатат,- деп айтылып жатат. Эмнеге алар аткарган ишти мамлекеттик миграциялык кызмат артыгыраак кылып аткара албайт?” – дейт. Ошондой эле депутат миграциялык кызматтын өкүлчүлүктөрү жер-жерлерде иштеши керек, - деген талапты да койду.

“Жогорку Кеңеште миграциялык маселелер эпизод катары гана каралып келген болсо, эми аны системалуу түрдө кароо негиздерине жетиштик. Ошого жараша Өкмөт миграциялык абал боюнча жылына бир ирет парламентте отчет берүүгө милдеттүү”,- дейт депутат Каныбек Иманалиев.

Депутат андан аркы сөзүндө 1 млн. мигрант 25 жыл ичинде 50 млрд. доллардай мамлекетке киреше алып келди. Бир дагы инвестордун алып келген каражаты мындай көлөмдү камсыздай алган эмес,- дейт. Ошондой эле К.Иманалиев,- мигранттардын укуктары биз дагы башка дүйнөнүн 40ка жакын мамлекети мүчө болгон Эл аралык миграциялык уюмдун мыйзамдарына ылайык корголушу керектигин кошумчалап, буга Россия менен Казакстандын да кошула тургандыгын белгиледи.

Миграция маселеси боюнча парламенттик угуу өткөрүү сунушун болсо депутат Наталья Никитенко көтөрдү.

Улуттун жүзүн тааныта турган маданият экендигин белгилеген депутат Садык Шер-Нияз болсо чет мамлекеттерге чыгып жаткан музыкалык аспаптарыбыздын сапатына көңүл бурбасак, арасында “зым” менен чырмалып байланган эскилиги жеткен инструменттердин жүргөндүгү чындап уялтат экен,- дейт.

Талкуу соңунда «Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу маселе боюнча жумушчу топтун курамында өзгөртүүлөр сунушталып, анын төрагалыгына депутат К.Иманалиев, ал эми мүчөлүгүнө депутаттар А.Касымалиева менен Н.Никитенко көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий