• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эмгек миграциясында 710 миңден ашуун кыргыз жараны жүрөт

Коом 0

Бишкек, 12.02.19 /Кабар/. Бүгүнкү күндө эмгек миграциясында Кыргыз Республикасынын 710 миңден ашуун жараны жүрөт. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын коллегиялык жыйынында айтылды.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Россияда – 640 миңден ашуун, Казакстанда – 30 миң, Түркияда – 30 миң, Түштүк Кореяда – 15 миң, алыскы чет өлкөдөгү башка өлкөлөрдө 20 миңден ашуун адам бар.

Коллегиянын жыйынына катышкан вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова азыркы учурда жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, бул жааттагы бир катар көйгөйлөргө токтолду.

"Биринчи кезекте Миграциялык саясат концепциясын иштеп чыгуу, чет жердеги мекендештерди колдоого алуу Программасын бекитүү зарыл. Президенттин Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу чет жердеги мекендештер менен байланышуу боюнча кеңеш түзүлгөн, анда Мамлекеттик миграция кызматы аталган кеңештин Катчылыгы болуп саналат. Бул багытта Катчылыктын толук кандуу ишин активдештирүү зарыл. Белгилесем, айрым тапшырмалар жана бир катар программалардын пункттары өз мөөнөтүндө аткарылбаган бойдон калууда. Бул маселелерге өзгөчө көңүл буруу зарыл», – деди Өмүрбекова.

Вице-премьердин пикиринде, жаштар чет мамлекеттерге кетип, ошол жакта калып калууда. "Биз аларды артка кайтару боюнча тийиштүү чараларды кабыл алуубуз зарыл. Бул багытта биздин жарандардын жашоосу жана эмгекке орношуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча комплекстүү кадамдар керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий