• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эмгек министри Кудайберген Базарбаев "Мээримдүү тыйын" акциясына катышты

Коом 0

Бишкек, 23.05.22. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев "Элим Барсыңбы" коомдук фонду тарабынан уюштурулган "Мээримдүү тыйын" кайрымдуулук акциясына катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чогулган каражат ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жана башка муктаж жарандардын муктаждыктарына жумшалат.

Министр өз каражатынан 5 миң сом бөлүп, мамлекет азыркы учурда муктаж жарандарга өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын баса белгилеген.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 1-июндан баштап муктаж болгон жарандардын 10 категориясы үчүн жөлөкпулдар көбөйтүлөт, бул максат үчүн ушул жылы гана бюджеттен 2 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн, бул мамлекеттин элге кам көрүүсүнүн эң жогорку деңгээлинин мисалы болуп саналат жана бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын бир бөлүгү гана", - деген министр.

Пикир

Оставить комментарий