• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эмгек министри Сузактагы карылар үйүнүн жашоочуларынын жашоо шартын текшерди

Аймак 0

Бишкек, 03.01.22. /Кабар/. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Сузактагы карылар үйүнө текшерүү иш сапары менен барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр андагы жашоочулардын жашоо шартын жана тамак-аштын сапатын текшерди.

Сузактагы карылар жана майыптыгы барлар үчүн социалдык стационардык мекемеси 1959-жылы негизделген. Пансионатта 120 орун бар. Бүгүнкү күндө социалдык кызматтарды алуучулардын саны 78 адамды түзөт, анын ичинен: эркектер – 52, аялдар – 26, анын ичинде майыптыгы барлар - 27, карылар - 51.

Белгилей кетсек, КР президентинин жарлыгына ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тартып азык-түлүктүн акчалай ставкасы 100 пайызга жогорулаган.

Пикир

Оставить комментарий