• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эмгек министрлиги иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүдөгү негизги багыттарды аныктады

Коом 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын артыкчылыктарын эске алуу менен 2023-2027-жылдарга калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү программасынын долбоору талкууланды.

Ведомстводон билдиргендей, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова, "Ишке орноштурууга жана кесиптик билим берүүгө көмөк көрсөтүү" долбоорунун жетекчиси Толгонай Кудайбергенова, ЭЭУнун КР улуттук координатору Болотбек Ороков жана ЭЭУнун Москва кеңсесинин ишке орноштуруу боюнча башкы адиси Казутоши Чатани бул программанын негизги багыттарын талкуулашты.

Иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, жумушсуздукту жоюу боюнча чараларга, жарандарга билим берүүнүн ийкемдүү жана заманбап системасын түзүүгө жана квалификациялуу кадрларды даярдоого басым жасалаары аныкталды.

Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүн санариптештирүү жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча маалымдуулукту жогорулатуу маанилүү учурлар болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий