• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эмгек министрлиги “117 кызуу байланышынын” аймактык кызматкерлери үчүн семинар өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде “117 кызуу байланышынын” аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн семинар өтүүдө.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, семинардын максаты кызматкерлерди жарандардын кайрылууларына ыкчам жана адекваттуу түрдө жооп берүүгө үйрөтүү.

Эмгек жана социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев министрлик өлкө калкынын аярлуу катмары, кайрылмандар жана качкындар менен түздөн-түз иш алып барарын, биздин милдет алар менен иштешип, аларга жардам берүү экенин белгиледи.

"Ар бир кызматкер өз ишин билип, жарандардын ар бир суроосуна жооп бере алышы абдан маанилүү", - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 185 качкын, 603 башпаанек издеген жана 1500дөн ашык кайрылман (кайрылман статусуна ээ этникалык кыргыздар) бар. 1991-жылдан бери Кыргызстанга көчүп келген этникалык кыргыздардын жалпы саны 75 миңден ашат.

Пикир

Оставить комментарий