• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Эмгек рыногунун талаптары менен кесиптик билим берүү шайкеш келтирилүүдө

Билим 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Эмгек рыногунун талаптары менен кесиптик билим берүүнү шайкеш келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Заманбап эмгек рыногу колледжди аяктоодо иштин теориялык гана эмес, ошондой эле практикалык көндүмдөрүнө ээ болгон жаңы адистерди талап кылууда. Компетенттүүлүккө карата талаптардын бардыгы «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында аныкталган артыкчылыктуу адистиктер жана кесиптер үчүн БИМ тарабынан иштелип жаткан эксперименталдык билим берүү программаларында чагылдырылган.

«Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында суроо-талапка ээ кесиптерди жана адистиктердин тизмесин түзүү үчүн регионалдык эмгек рыногундагы суроо-талапты жана сунушту талдоо методологиясы иштелип чыккан.

Регионалдык эмгек рыногунда суроо-талапка ээ адистиктерди жана кесиптерди аныктоо үчүн аталган методологиянын негиздери боюнча пилоттук колледждердин кызматкерлери окутулду.

Ошондой эле, эксперименталдык окуу программалары пилоттолуп жаткан окуу жайларында окутууга карата жаңы ыкмалар – ишкердик боюнча модуль, жумуш ордунда окутуу, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана заманбап ыкмалар боюнча мастерлерди даярдоо ишке киргизилүүдө.

БКБ жана ОКБ окуу жайларын эске алуу менен адистиктердин жана кесиптердин тизмеси

Колледждер

Адистиктер

Кесиптик лицейлер

Кесиптер

1

Нарын шаарындагы Агро-экономикалык колледж

Тармактар боюнча электр жабдуу

(техник-электрик)

№87 кесиптик лицей

Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик

Ветеринария

(ветеринардык фельдшер)

№32 кесиптик лицей

Ветеринардык дарылоо боюнча оператор

Айыл чарба өндүрүмдөрүн (эт, сүт) өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы (технолог)

2

Токмок шаарындагы Агро-өнөр жай колледжи

Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу (техник-электрик)

№61 кесиптик лицей

Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электр монтер

Электр жана электр-механикалык жабдууларды техникалык эксплуатациялоо жана тейлөө (тармактар боюнча)

(техник-электромеханик)

Транспорттук электр жабдууларын жана автоматиканы эксплуатациялоо (транспорттордун түрлөрү боюнча, сууда жүрүүчү траспорттон тышкары)

(техник-электромеханик)

№49 кесиптик лицей

Автомеханик

3

Бишкек шаарындагы Архитектура жана курулуш менеджменти колледжи

Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо

(техник)

№5 кесиптик лицей

Курулуштагы жасалгалоо иштеринин мастери

Ички санитардык-техникалык жана желдетүүчү түзүлүштөрдү монтаждоо жана эксплуатациялоо (техник)

№5 кесиптик лицей

Слесарь сантехник

Жыгач иштетүү технологиясы, эмерек конструкциялоо дизайны

(техник-технолог)

№4 кесиптик лицей

Жыгач устачылык эмерек өндүрүшүнүн мастери

4

ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи

Автоматташтырылган системалардын эсептөө техникасын программалык камсыздоо

(техник-программист)

Автоунаа транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо (техник)

№63 кесиптик лицей

Автоунаа каражаттарын оңдоочу слесарь

Электр станциялары, тармактар жана системалар

(техник-электрик)

Ветеринария

(ветеринардык фельдшер)

№69 кесиптик лицей

Ветеринардык дарылоо боюнча оператор

5

Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо –техникалык инновациялар жана экономика колледжи

Айыл чарба өндүрүмдөрүн (жер-жемиштер, жашылчалар) өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы (технолог)

Тигүүчү буюмдарды конструкциялоо, моделдөө жана технологиясы

(модельер-конструктор)

№70 кесиптик лицей

Тикмечи

Ачык тоо-кен иштери

(тоо-кен техник-технологу)

№7 кесиптик лицей

Ачык тоо-кен иштеринин машинисти

6

Ысык-Көл Индустриалдык педагогикалык колледж

Мейманканаларды жана туристтик комплекстерди тейлөөнү уюштуруу (менеджер)

Мейманканаларды жана туристтик комплекстерди тейлөөнү уюштуруу (өндүрүштүк окутуу менеджер-мастери)

7

Кара-Балта техникалык-экономикалык колледж

Транспорттук электр жабдууларын жана автоматиканы эксплуатациялоо (транспорттордун түрлөрү боюнча, сууда жүрүүчү траспорттон тышкары)

(техник-электромеханик-өндүрүштүк окутуу мастери)

8

ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжи

Тигүүчү буюмдарды конструкциялоо, моделдөө жана технологиясы

(модельер-конструктор-өндүрүштүк окутуу мастери)

Пикир

Оставить комментарий