• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Эмгек сиңирген артист, обончу Абас Чикеев дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 28.01.23./Кабар/. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу, аткаруучу жана диктор Абас Чикеев оорудан улам 27-январда дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Ал Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылында 1947-жылы 21-июлда туулган.

1963-жылы Республикалык Эл чыгармачылыгы үйүнүн аккордеончулар курсун бүтүрүп, 1964–1967-жылдары М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынан билим алган.

1967–1969-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1969-жылы радиодо диктор, 1971-жылы Ысык-Көл радио-телеберүүсүндө башкы диктор болуп иштеген.

1977-жылы Бүткүл Союздук радио уктуруу боюнча телерадио кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу институтунун Ташкендеги филиалында дасыгын жогорулатып, ошол эле жылы Кыргыз телерадиокорпорациясына радионун диктору жана телерадиосунун оркестрине жана хоруна солист болуп которулган.

1980–1985-жж. Кыргыз мамлекеттик орус тили жана адабияты педагогикалык институтунан, 1986–1991-жж. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунан билим алган.

Обончулар М.Рыскулбековдун «Чын эле мен сени таптымбы?», «Жаштыгым сен кайда кеттиң», К.Осмоновдун «Энекебай», «Тоолук кыз», М.Акматовдун «Баратабыз каякка», «Ак сүйүүмдү булгаба», Т.Казаковдун «Күйдүргүм», «Эстелик», А.Нурманбетовдун «Табияттын көркү сен» ырларын аткарган.

Бир катар КМШ өлкөлөрүндө чыгармачылык сапарда болуп, Бүткүл Союздук кароолордун бир нече жолку лауреаты жана Ардак грамоталар менен сыйланган. 1991-жылы
«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамы ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий