• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Эмгек сиңирген дарыгер Бейшекан Калиева дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери Бейшекан Калиева дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары (1994-ж), Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун биринчи директору, (1996-1998-жж), Саламаттыкты сактоо мектептеринин улуттук координатору Калиева Бейшекан Алмалиевна 17нен 18-июлга караган түнү көз жумган.

Калиева Бейшекан 1948-жылы Токмок шаарында туулган. 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. Үч жыл аралыгында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Стрельниково айылында аймактык дарыгер болуп эмгектенген.

1980-1985-жылдары Монгол Республикасынын саламаттык сактоонун башкы ординатору болуп, кайтып келген соң Чүй райондук ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары, 1989-1994-жылдары аталган оорукананын башкы дарыгери болуп иштеген.

1992-жылы "Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоонун отличниги" наамы, 1994-жылы "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери" наамы ыйгарылган.

Маркумдун артында бир уулу калды.

Пикир

Оставить комментарий