• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Энергетиканын ардагери Лев Васильев тармактын өнүгүшү үчүн эмне кылуу керектигин айтып берди

Коом 0

Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда энергетика тармагын массалык оптимизациялоо башталганын Улуттук энергохолдингден билдиришти. Алардын маалыматы боюнча бүгүнкү күндө энергетика тармагы кризистик абалда турат. Учурдагы кырдаалга таасирин тийгизген негизги факторлор - чоң көлөмдөгү насыялар, тарифтердин жасалма кармалышы жана каражаттын жетишсиздиги. Жогоруда айтылган факторлордон сырткары эң маанилүү фактор катары, кургак циклдин башталышын жана Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлинин кооптуу деңгээлге төмөндөп кетүү коркунучун айтылган.

Республиканын керектөөчүлөрүн керектүү энергия менен камсыз кылуу жана Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн эң аз 8,2 млрд м3да сактоо максатында 2021-жылы Бишкек шаарындагы ЖЭБдеги жүктү максималдуу көбөйтүү жана электр энергияны 2,5 млрд кВтсга чейин өндүрүү боюнча чаралар көрүлүп жатат.

Энергетика ардагери Лев Васильев айткандай, энергетиканы өнүктүрүү үчүн тарифтерди оптимизациялоо зарыл, анткени азыркы тарифтер оңдоо иштерине да керектүү каражатты бөлүүгө мүмкүнчүлүк бербейт.

“Техникалык эксплуатация деген түшүнүк бар, ал жакта кайсы мөөнөттө, оңдоонун кандай түрлөрү жана кандай көлөмдө жүргүзүлүшү керектиги жазылган. Ал эми каржылоо 50%дын тегерегинде болуп жатса эртеби-кечпи ишенимдүүлүк үзгүлтүккө учурайт”,-деди Васильев.

Муну менен катар тармактын ардагери жылуулук электр борборлору үчүн отундун сапатына дагы көңүл буруу керектигин белгиледи.

“Станциялар көмүрдү гана сатып алышпайт, ал эми көмүрдүн ар кандай түрү ар кандай көлөмдө жылуулук бөлүп чыгарат. Мисалы, бир килограмм көмүртекти күйгүзүү үчүн аба менен кошо белгилүү бир өлчөмдө кычкылтек керек болот, анын бары күйүп кетсе, эгер түтүн көбөйсө, анда алардын бири күйүү режимин бузган болот”,-деп түшүндүрдү Васиьлев.

Ошондой эле азыркы учурда 2022-жылдын 1-кварталын эске алуу менен Казакстан жана Өзбекстан Республикалары менен 1,650 млрд кВтсга чейин электр энергия алмашуу боюнча келишимдер түзүлүп, учурда 646,4 млн кВтс электр энергия жеткирилди.

Жогоруда келтирилген фактыларга байланыштуу, энергетика тармагы энергетикалык компаниялардын бюджеттеринин чыгым бөлүгүн, каражаттын жетишсиздигин азайтуу максатында 1,7 млрд сомго кыскартуу зарыл чарасын көрүүгө мажбур болууда. Алардын ичинде:

- "Электр станциялары" ААК - 898,8 млн сом;
- "Чакан ГЭС" ААК - 10,2 млн сом;
- "Кыргызстан УЭТ" ААК - 142,7 миллион сом;
- "Түндүк электр" ААК - 477,6 млн сом;
- "Чыгыш электр" ААК - 49,5 млн сом;
- "Ош электр" ААК - 81,3 млн сом;
- "Жалалабат электр" ААК - 40,7 млн сом;
- "Бишкекжылуулуктармагы" ААК - 21,8 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий