• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эмгек министрлиги Ош шаарында кесипке багыт берүү борборун ачты

Аймак 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Ош шаарында кесипке багыт берүү борборун ачты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын алдында Кесиптик багыт берүү борбору ачылып, ачылуу аземине эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева, Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриела Геллил, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов катышты.

«Ушул жылдын башында ушундай кесипке багыт берүүчү борборлор Нарын жана Каракол шаарларында, март айында Бишкек шаарында ачылган. Эми Ошто төртүнчү Кесипке багыт берүү борбору иштей баштады. Адамдын мындан аркы жашоосу кесиптин канчалык туура тандалганына жараша болот. Сүйүктүү иши менен алектенген адамдар ийгиликке жетип, карьерасында бийиктиктерге жетишишет. Кесиптик багыт берүү кесипти өнүктүрүүнүн оптималдуу багыттарын аныктоого жардам берет”, - деди Жаңыл Алыбаева.

Элчи Габриэла Геллил кесиптик багыт берүү борбору сапаттуу кеңеш берүү кызматтарын көрсөтүп, жаштарга кесип тандоодо туура чечим чыгарууга жана өлкөдөгү жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүүгө жардам берерин белгиледи.

«Студенттер жана жумушсуз жаштар үчүн ачык кесиптик багыт берүү борборлорунда натыйжалуу ишке орноштуруу боюнча тренингдер жана мастер-класстар өткөрүлүп, иш берүүчүлөр, карьералык өсүшкө жетишкен белгилүү спикерлер менен жолугушуулар уюштурулат», - деди ал.

Белгилей кетсек, бул борбор Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) “Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана кесиптик билим берүү” программасынын алкагында ачылган.

Пикир

Оставить комментарий