• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жоболору бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жоболору бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Аталган чечим аткаруу бийлик органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чараларын көрүү максатында кабыл алынган.

Мындан улам жана «Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык КРнын министрлер кабинети төмөнкүлөрдү бекитүү чечимин кабыл алды:

- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматы жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти жөнүндө жобо.

Буга катар Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Социалдык камсыз кылуу департаментинин укугун улантуучусу болуп санала тургандыгы белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өз чечимдерин бул токтомго ылайык келтирүүсү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий