• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эмгек жана соцөнүктүрүү министри Чүй облусуна иш сапары менен барды

Коом 0

Бишкек, 13.01.21. /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында район аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрге башкармалыктын базасында мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды реабилитациялоо борбору иштеп, анда 20га жакын бала кызмат алып жаткандыгы маалымдалды. Ошондой эле, борбор ата-энелерди мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы кароого үйрөтөт.

«Мындан тышкары, долбоордун алкагында тигүү цехи ачылып, аялдар кийимдерди быгууга жана тигүүгө үйрөнүшөт. Кыска убакыттын ичинде 6 үй-бүлө тигүү цехтерин ачышты», - деди башкармалыктын кызматкери.

Ализа Солтонбекова жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи, анткени акыркы мезгилде балдарга жана аялдарга карата зомбулук көбөйүүдө. Министр өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттарынын бири бул фостердик үй-бүлөлөрдүн кызмат көрсөтүүсүн өнүктүрүү экенин, ошондуктан ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үй-бүлөлүк чөйрөдө тарбиялануусуна шарт түзүүнү, андан тышкары, калктын иш менен камсыз болуусуна көмөктөшүү иш-чараларды күчөтүүнү кошумчалады.

Андан ары Токмокто министр №1 жана №2 социалдык стационардык мекемелерге барып, ал жерде камкорчулардын жашоо шарты менен таанышты.

Токмок шаарындагы №2 ССМнин директору Бурул Туманованын айтымында, бүгүнкү күндө аталган мекемеде 210 адам жашайт. Кайрымдуулук уюмдарынын колдоосу менен 70 орундуу жаңы имарат курулгандыгын айтты.

Министр №1 Токмок ССМне барганда имараттарды капиталдык оңдоо үчүн донорлорду тартуу маселеси иштелип жаткандыгын белгиледи.

Мекеменин директору Жумадил Салиевдин маалыматы боюнча бул жерде 266 кызмат алуучу жашайт.

Пикир

Оставить комментарий