• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эми Атамбаев оор кылмышка шектүү катары чакырылат — президент

Президент 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Кечээге чейин Атамбаев тергөөгө күбө катары чакырылып келсе, эми ал оор кылмышка шектүү катары чакырылат, - деп билдирди Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөп жатып.

Мамлекет башчысынын айтуусунда, айтылган фактылар боюнча кылмыш иши козголду. Күнөөлүүлөр сөзсүз түрдө жазага тартылат.

""Атамбаевди алып чыга албай калды, бийлик алсыздык көрсөттү" деген ачуу сынга карабай, Кой-Ташка кошумча күч жөнөтүлгөн жок. Кырдаалды мындан ары курчутпоого аракет кылдык. Атамбаев тарабынан ок атуучу курал колдонулганына карабай, атайын күчтөр аягына чейин ок чыгарган жок. Кан төгүлбөсүн деп желим ок колдонулду. Бийликтин кадыр-баркы төгүлсө да, мекендештерибиздин каны төгүлбөсүн дедик", - деп билдирди Жээнбеков.

Өлкө башчысы кошумчалагандай, өлкөдө мыйзамдуулукту, тынчтыкты, коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чаралар аткарылат. Ыкчам чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий