• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Эми Бишкекте балдар электрондук каттоо аркылуу мектепке кирет

Коом 0

Бишкек, 08.02.19. /Кабар/. Бишкекте балдар биринчи класска электрондук жазылуу аркылуу кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 15-февралынан тарта борбор калаада "Мектепке электрондук жазылуу" долбоору ишке кирет. Бул долбоор – мектеп курагына - 6-7 жашка жеткен балдарды мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелерине жазылуусун автоматтык түрдө жүрүүсүн камсыздаган маалыматтык система.

"Бул система балдарды биринчи класска кабыл алууда коррупциялык схемаларды азайтат. Ошондой эле ал ата-энелерге балдарын мектепке жазылуусун жеңилдетет. Андан тышкары, ал министрликке биринчи класска орун жетпей калган балдардын эсебин алууга, маалыматтарды автоматтык негизде жүргүзүүгө мүмкүндүк берет", - деди ал.

Ошондой эле ата-энелер үчүн "0800 800 8888" номерлери иштейт. Ал жактан адистерден арызды туура тапшыруу, керектүү документтердин тизмеси жана башка суроолор боюнча маалымат алууга болот. Чалуулар 13-февралдан тарта кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий