• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин айрым мектептеринде коңгуроонун ордуна күү жаңыра баштады

Коом 0

Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын айрым мектептеринде салтка айланган коңгуроонун ордуна кыргыздын залкар композиторлорунун жана комузчуларынын күүлөрү жаңыра баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

Муниципалитеттен белгилешкендей, долбоордун максаты - окуучуларды патриоттуулукка тарбиялоо, мекенге болгон сүйүүсүн арттыруу болуп саналат.

"Нурак Абдрахманов, Асылбек Насридинов, Закирбек Дүйшөналиев сыяктуу залкар композиторлордун жана комузчулардын чыгармалары борбордун №3, 51, 93, 95, 96, 97,99, 100 мектептеринде жаңыра баштады", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, долбоор президенттин Кыргызстандын тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана популярдаштырууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндөгү жарлыгынын алкагында ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий