• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эми Бишкектин муниципалдык унаа токтотуучу жайларында онлайн төлөм жүргүзүүгө болот

Коом 0

Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. Эми Бишкектин муниципалдык унаа токтотуучу жайларында онлайн төлөм жүргүзүүгө болот.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, "Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары" муниципалдык ишканасы "О! Акча" каржы кызматы менен биргеликте сканерлөө коду менен мобилдик капчыктар жана банктык тиркемелер аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу кызматтарын ишке киргизди.

Бүгүнкү күндө бул система Бишкек шаарындагы 12 муниципалдык унаа токтотуучу жайды камтыйт.

Төлөм мүмкүн болгон муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын даректери:

- Шопоков көчөсү Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин;
- Шопоков көчөсү Токтогул көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин;
- Шопоков көчөсү Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
- Шопоков көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
- Бөкөнбаев көчөсү Абдырахманов көчөсүнөн Үсөнбаев көчөсүнө чейин;
- “Комфорт” соода борбору Ибраимов көчөсү, Москва көчөсү;
- “Комфорт” соода борбору Ибраимов көчөсү, Москва көчөсү (чыгыш тарабы);
- Кулатов көчөсү Сүйүмбаев көчөсүнөн Матросов көчөсүнө чейин;
- Кулатов көчөсү менен Матросов көчөсүнө чейин;
- Матросов көчөсү менен Кулатов көчөсү;
-"МОТО" соода борбору Токтогул -Абдрахманов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин;
- Исанов көчөсү Киев көчөсүнөн Сыдыков көчөсүнө чейин;
- Киев көчөсү боюнча Манас проспектисинен Керимбеков көчөсүнө чейин;
- Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок-Молдо көчөсүнө чейин ("Кербен"СБ);
- "Таатан" соода борбору Лермонтов көчөсү менен Көлбаев көчөсүнөн Сокулук көчөсүнө чейин;
- "Мадина" базары 7-апрель көчөсүнөн Менделеев көчөсүнө чейин.

Пикир

Оставить комментарий