• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Эми имамдар никени Нике каттоо журналына катташат

Коом 0

Бишкек, 12.06.19. /Кабар/. Кыргызстанда Нике каттоо журналы иштей баштайт. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Нике каттоо журналын киргизүүнүн максаттарынын бири – өлкө боюнча сапаттуу жана бирдиктүү нике кыюуну жолго салуу жана нике кыйган дин кызматкердин жоопкерчилигин күчөтүү.

Бүгүн, 12-июнь күнү муфтий Максатбек ажы Токтомушев имам Сарахси атындагы республикалык борбордук мечитте Бишкек жана Чүй облусундагы имамдарга Нике каттоо журналын тааныштырган.

Муфтияттан белгилешкендей, шарияттык никени каттоо жүргүзүү үчүн дин кызматкерлери никеге туруп жаткан жарандардын никеге тиешелүү болгон өздүк документтерин (паспортторун) талап кылат жана мыйзамдын талаптарына жараша 18 жашка толгон жарандарга гана нике кыюу жөрөлгөсүн шарияттын негизинде өткөрөт.

Шарияттык никени каттоо жүргүзгөн дин кызматкерлери жана имамдар квартал сайын райондук баш имам хатиптерге отчет тапшырышса, ал эми райондун баш имамдары облустук казыяттарга, облустук казыяттар Муфтиятка нике тууралуу отчет берип турушмакчы. Журнал имамдар ортосунда шарияттын бардык талаптарына жооп берген каттоо болгондуктан юридикалык күчкө ээ болуп эсептелбейт, бирок шарияттын негизинде кыйылган нике Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын нике каттоо журналына катталат жана мамлекеттик нике каттоо органдарына барып, никени каттатып, нике күбөлүгүн алуусу зарыл.

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев акыркы учурларда жубайлар ортосунда араздашуудан улам ажырашуулар болуп жатканын айтып, Нике каттоо журналы аркылуу жубайлардын үй-бүлөсүн бекемдегенге, ага жоопкерчиликтүү мамиле жасоо керектигин баса белгилеген.

“Муфтият Нике каттоо журналынын үстүнөн бир жылдан ашуун эмгектенди. Чет мамлекеттердин тажрыйбасы дагы колдонулду. Журнал Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар Кеңеши тарабынан жактырылып, бүгүнтөн тарта Кыргызстандын бардык облустарындагы казыяттарда кезек-кезеги менен имамдарга журнал тууралуу окутуу семинары жүрүп, тааныштырылып, андан соң гана тапшырылат. Кийин муфтият бул журналды дыкат көзөмөлгө алып турмакчы”,- деген ал.

Муфтияттан билдиришкендей, журнал 3 миң нуска менен басылып чыкты. 2019-жылдын 12-июнунан 3-июлуна чейин Кыргызстандын бардык аймактарындагы имамамдарга окутуу иштери жүргүзүлүп, тапшырылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий