• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эми Кыргызстан менен Түштүк Корея кино тармагында кызматташат

Маданият 0

Бишкек, 28.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Түштүк Кореянын Тэджон шаарында 2017-жылдын 24нөн 28-октябрына чейин кыргыз киноматографисттеринин катышуусунда кино фестивалы өтүүдө.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, Кыргызстандын атынан фестивалда:
– Мукталы Бектеналиев –министрликтин алдындагы киноматография департаментинин директору, делегация башчысы;
– Азат Мамунов – студент жана киноактриса Асема Токтобекова катышууда.

Фестивалдын алкагында кыргыз делегаттары Түштүк Корея менен кино жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Ага ылайык, келечекте тараптар эки өлкөнүн тасмасын жайылтуу жаатында иш алып барышат.

Пикир

Оставить комментарий