• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эми Кыргызстанда бардык каалоочулар коронавируска каршы «Sinopharm» вакцинасын ала алышат

COVID - 19 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда бардык каалоочулар коронавируска каршы «Sinopharm» кытай вакцинасын ала алышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Ал арада Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Иммунопрофилактика борборунун башчысы Бурул Асылбекова агенттикке билдиргендей, Бишкекте эмдөө алууну каалоочулагандардын бары №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 14 жана темир жол поликлиникасына жана куруучулар поликлиникасына кайрыла алышат, ошондой эле, борбор калаада кошумча эмдөө пункттарын ачуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Анын айтымында, алгач илдетти жуктуруп алуу коркунучу жогору болгон медицина кызматкерлери, мугалимдер, укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин арасында жүргүзүү чечими кабыл алынган. Экинчи топко 65 жаштан жогорку кары-картаңдар жана өнөкөт оорусу барлар киргизилген.

“Бирок коронавирус менен ооругандар өсүп жаткан азыркы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен бардык каалоочуларды эмдөө чечими кабыл алынды”,-дейт ал.Асылбекова мындай чечимди кабыл алууда өлкөгө «Спутник V» россия вакцинасын алып келүү фактысы да эске алынды. Россия вакцинасы менен экинчи топко киргендерге, башкача айтканда 65 жаштан жогорку жана өнөкөт оорусу барлар эмделишет.

Медкызматкер Бишкек үчүн «Sinopharm» кытай вакцинасынын 14 миң дозасы, ал эми «Спутник V» россия вакцинасынын 2,5 миң дозасы бөлүнгөн.

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы «Sinopharm» вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми кечээ, 22-апрелде Россиядан «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы алынып келинген.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

Пикир

Оставить комментарий