• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эми Кыргызстанда жаңы төрөлгөн балдарга сертификат бериле баштайт

Коом 0

Бишкек, 05.02.19 /Кабар/. Эми жаңы төрөлгөн балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен кошо сертификат берилет. Ал сертификатка баланын эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу маалыматтар жазылат.

Сертификаттарды берүү саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын буйругунун негизинде демилгеленген. Адистердин айтымында, учурдагы ички жана тышкы миграциялык агымдын негизинде ушундай кадамга баруу зарылчылыгы келип чыккан, деп кабарлады "Ынтымак" телеканалы.

"Бул сертификаттарды ата-энелер өзүндө сакташат. Бала бакчага барганда, окууга киргенде, жогорку оку жайына тапшырса да, эмдөөдөн өткөндүүгү же өтпөгөндүгү тууралуу маалыматты биле алышат", – деп билдирди Республикалык эмдөө борборунун жетекчисинин орун басары Гүлнара Жумагулова.

Ал эми эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер болсо, аларга деле сертификат берилет, бирок, эмдөөдөн баш тарткандыгы тууралуу маалымат жазылат, - деп кошумчалады Жумагулова.

"Мунун негизги себеби ички жана тышкы миграциянын агымынан келип чыкты. Көп учурда ата-энелер баласынын эмдөөдөн өткөнүн билбей калышат. Медицина кызматкерлеринен такташ үчүн баштапкы жашаган жерине кайрылышып, убарагерчилик да болууда. Бул сертификат ушундай маселелрдин алдын алат”- деди Жумагулова.

Эскерте кетсек буга чейин балдардын эмдөөдөн өткөндугү тууралуу маалыматтар форма 63 медициналык документке жазылып, ал саламаттыкты сактоо борборлорунда болуп келген. Эми ошол эле маалыматтар сертификатка жазылып, ата-эненин колунда болот да, кайсыл жакта болсо да баласынын эмдөөдөн өткөндүгу тууралуу маалыматты биле алышат.

Пикир

Оставить комментарий