• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандыктар үчүн пенсияга чыгуу тартиби жеңилдетилди – Соцфонд

Коом 0

Бишкек, 15.01.19. /Кабар/. 2019-жылдан тарта жарандар справка үчүн жүгүрбөй пенсияга чыга алышат. Ошондой эле жаш курагы боюнча пенсияга чыгуу үчүн документтердин саны кыскарган. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мурда пенсияга чыгуу үчүн жетишпеген документтерди жаран өзү чогултса, эми 2019-жылдын 1-январынан баштап аны Соцфонд кызматкерлери чогултат.

"Ошондой эле мыйзамда жазылгандай, жаран пенсия курагына 6 ай калганда документтерин тапшырууга акылуу жана ошол 6 ай аралыгында Соцфонд пенсия белгилөө үчүн баардык документтерди даярдоосу керек. Пенсияны белгилөө үчүн жаран паспорт, эмгек китепчесин, 1996-жылга чейинки катары менен иштеген каалаган 60 айынын маянасы тууралуу маалымкат берүүсү керек. 1996-жылдан кийинки маалыматтар Соцфонддун базасында бар. Мурда мисалы иштеген жерден, үй-бүлө курамы тууралуу, аскердик комиссариаттан, жашаган жерден маалымкат ж.б. өңдүү жетишпеген документтерди пенсионер өзү алып келчү. Эми аны мекеменин кызматкерлери аткарат", - дейт Ирсалиев.

Ошондой эле Соцфонддун төрагасы 1-июлдан баштап пенсионерлер үчүн электрондук жеке кабинеттер ачыларын белгиледи. Ал жерден пенсионерлер пенсиянын эсептелиши, кандай документтер жетишпегени ж.б. маалыматтарды ала алышат.

"Эгер пенсионер пенсиянын өлчөмү менен макул болсо Соцфонд чегерүүнү баштайт. Бирок пенсионер пенсиянын өлчөмүнө арызданса анын өлчөмү кайра каралат. Мындай жол жаран менен Соцфонддун кызматкеринин сүйлөшүп алуу ж.б. сыяктуу байланышын жокко чыгарып, пенсияны белгилөөдө ыңгайлуулукту жаратат", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий