• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эми Лин: Huawei “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргызстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Коом 0

Астана,14.11.17. /Кабар/. Теле байланыш жаатындагы Huawei кытай компаниясы “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргызстан өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Huawei вице-президенти Эми Лин билдирди.

Анын айтуусуна караганда, “Компаниянын Кыргызстандагы өкүлдөрү менен бир нече жылдан бери бул жатта тыгыз сүйлөшүүлөр болуп келет. Мен азырынча келишим качан түзүлө тургандыгын билбейм. Эгерде мен кыргыз өкмөтүнүн ордунда болгонумда мурда эле чечим кабыл алган болот элем”,-деди Ли.

Анын айтуусуна караганда, эгерде кыргыз өкмөтү чечим кабыл алса, анда, Huawei компанияы долбоорду ишке ашырууга даяр.

Пикир

Оставить комментарий