• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эми "Манас" аэропортунан Бишкекке жетүү көйгөй эмес. Go bus`тар каттай баштады

Коом 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. "Манас" аэропортунан Бишкекке чейин экспресс кичиавтобустар каттай баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдирди.

"Манас" аэропортунан конок тосуп алуу же конокту узатуу мындан ары көйгөй эмес. Эми Бишкектен аэропортко чейин такси же жеке унаада гана эмес, экспресс жүргүнчү ташуучу унаалар менен дагы жетүүгө болот”, - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, учурда 12 маршруттук такси каттамга чыкты. "Манас" аэропортунан Бишкекке чейин жана Бишкектен аэропортко чейин жарым сааттык аралык менен күнү-түнү каттай баштады. Кичавтобустар шаардын борбордук көчөлөрү менен жүрүп, акыркы чеги түштүк кичирайондору болмокчу.

Аларды капталындагы Go bus деген жазуу аркылуу таанууга болот. Ал эми унаалардын өзгөчөлүгү жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулугунда. 18 орундуу автобустардын жүрүү акысы 150 сом болот.

Ошондой эле Go bus бренди менен Бишкектен Караколго чейин чоң автобустарды ишке берүү пландалууда. Алар бир күндө бир нече каттам аткарышат.

Эскерте кетсек, Go bus - Кыргызстандын туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун долбоору.

Пикир

Оставить комментарий