• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эми кайгуул кызматкерлери унааларды токтотууда таякчаны колдоно алышат

Коом 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. КР Ички иштер министрлигинин 2020-жылдын 17-сентябрындагы өзгөртүү киргизилген буйругуна ылайык, мындан ары милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери “таякча” менен унааларды токтото алат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин 2020-жылдын 17-сентябрындагы “Милициянын кайгуул кызматынын бөлүмдөрүнүн ишин уюштуруу боюнча нускама” боюнча өзгөртүү киргизилген буйругуна ылайык, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын бөлүмдөрү коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында унаа каражаттарын токтотууга таякчаларды колдоно алышат.

Нускамага ылайык, Жол кыймылынын катышуучуларын милициянын кайгуул кызматкерлери токтотууда таякча менен жаңсоолорду колдонуу менен атайын жарык берүүчү, үн сигналдары (ышкырык), ошондой эле кызматтык унааларга орнотулган үн коштоочу каражаттар менен токтото алат. Автоунааларды токтотуу учурунда таякчанын жаңсоосу токтотулуучу авто унаага карата жаңсалып, кийин кайсыл жерге токтойт ошол жерди көрсөтүп жаңсоосу тийиш.

Жол кыймылынын катышуучусун токтоткондон кийин экипаждагы кызматкерлердин бири айдоочуга жакындап, өзүн тааныштырат (ээлеген кызматын, чинин толук аты жөнүн) жана токтотуу себебин айтат, бул учурда экинчи кызматкер укука каршы иш-аракеттер болуп кетпеш үчүн, өнөктөштүн көзөмөлдөп турат. Айдоочуга келген учурда таякча менен токтоткон кызматкер кана басып келүүсү шарт.

Бүл өзгөртүү жол кырсыктарынын кескин өсүп жаткандыгына байланыштуу аны кыскартуу жана алдын алууга багытыган профилактикалык иштерди күчөтүүдө, ошондой эле жол эрежесин одоно бузган айдоочуларды кол менен жаңсап токтотуу учуру ыңгайсыздыкты жараткандыктан кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий