• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эми окуучулардын "Тулпар" картасын онлайн режиминде алууга болот - мэрия

Коом 0

Бишкек, 23.12.20. /Кабар/. Эми «Тулпар» жашыл картасын алуу дагы жеңилдеди. Бул тууралууБишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жашыл «Тулпар» картасын алууга онлайн режиминде арыз калтыруу мүмкүнчүлүгү иштелип чыкты. Эми үйдөн чыкпай арыздарды калтырууга болот.

Арызды калтыруу үчүн https://www.tulpar-card.kg/about/buy/ сайтына кирүү керек.

Андан кийин бардык талааларды толтуруп, 3х4 форматындагы окуучунун сүрөтүн (сүрөт документтегидей болушу керек) жана бардык керектүү документтерди (окуган жеринен маалымкат, туулгандыгы тууралуу күбөлүк) жүктөө керек.

Эгерде сиз баардыгын туура толтурган болсоңуз, анда арызыңыз адистер тарабынан каралып, карта 10 жумушчу күндөн кечиктирилбестен берилет.

Эгерде сизде Тулпар картасын колдонууда кандайдыр бир суроолор же көйгөйлөр жаралса, анда 582000 ишеним телефонуна чалып же бизге Telegram мессенджерлеринде (https://t.me/tulpar_card) жазсаңыз болот.

Коомдук транспорттун иши боюнча биз ар дайым байланыштабыз:

Шаардык транспорт башкармалыгы (кичи автобустар): 0550143637;

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы, автобустардын иштешин көзөмөлдөйт: 0553 022 753, 0772 173 743 WhatsApp;

Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905;

Пикир

Оставить комментарий