• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Пневмония боюнча статистикалык учурлар COVID-19дун көрүнүшү катары саналат - Исмаилова

COVID - 19 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги эксперттердин тобу иштеп чыккан COVID-19 илдетинин Улуттук Клиникалык Колдонмосунун 3- версиясын бекитти. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова брифингде билдирди.

Аталган Улуттук Клиникалык Колдонмосу COVID-19 илдетинин даражаларынан, ооруган бейтаптарды дарылоо алгоритминен, аны менен бирге өпкөнүн сезгениши (пневмония), стационардык жана амбулатордук жардамды көрсөтүүдөн турат.

Анын айтымында, ДССУ тарабынан кабыл алынган Эл аралык ооруларды классификациялоого ылайык, 07 классы өзгөчө кырдаал шарттарында колдонулат. COVID-19 илдетин лабораториялык жол менен тастыкталган U07.1 кодуна жана лабораториялык жол менен тастыкталбаган, бирок клиникалык белгилери бар болуп, рентген аркылуу билинген 07.2 кодуна таандык келээри аныкталды.

«Коронавирус инфекциясын бирдиктүү шартта дарылоо үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, ПЦР- тест менен тастыкталбаган, бирок вирустук этиолгиясында клиникалык белгилери бар пневмония U07.2 кодуна кирет, мындан улам пневмония боюнча статистикалык учурлар COVID-19 илдетинин көрүнүшү катары саналат», - деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий