• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эми "Ош" аэропортунда бомба изделүүдө: Эвакуация жүрүп жатат

Коом 0

Бишкек, 05.02.19 /Кабар/. Ош шаарынын аэропортунда бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат келип, жүргүнчүлөр эвакуацияланууда. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.

Бомба коюлгандыгы тууралуу билдирүү саат 18:46 келип түшкөн. Азыр бардык жүргүнчүлөр жана аэропорттун кызматкерлери сыртка чыгарылууда.

Аэропорттун аймагында издөө-иликтөө иштери жүрүдө, - деп кабарлады УКМКнын маалымат кызматы.

Эске салсак, бүгүн болжол менен саат 15:00 чамасында Бишкектеги "Манас" аэропортунда бомба коюлган деген кабар келип түшкөн.

Издөө-иликтөө иштерин жүргүзгөн УКМК, аба майданында кандайдыр бир жардыргыч зат табылган жок, - деп кабарлаган.

Пикир

Оставить комментарий