• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эми Соцфонддун кызматтарын Ош шаарындагы КТБдан алууга болот

Аймак 0

Бишкек, 16.12.22. /Кабар/. Ош шаарынын калкты тейлөө борборунда (КТБ) Социалдык фонддун терезеси ачылды.

Соцфонддун басма сөз кызматы билдиргендей, камсыздандырылган адам КТБ аркылуу төмөнкү кызматтарды алууга арыз бере алат:

- пенсия дайындоого;
- пенсияны кайра эсептөөгө;
- пенсиянын өлчөмү жөнүндө маалымкат алууга;
- жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө алууга;
- пенсия төлөөнү узартууга;
- сөөк коюуга ырым - жырым жөлөкпулун алуу боюнча;
- пенсияны төлөө каналын алмаштырууга;
- пенсиянын топтоо бөлүгүнө;

Ошондой эле пенсиялык күбөлүктү берүү каралган.

Ош шаарындагы КТБнын дареги – Касымбеков көч. -8 г/1. Иштөө графиги саат 9:00дөн 18:00гө чейин, түшкү тыныгуу саат 12:30дан 13:30га чейин.

Пикир

Оставить комментарий