• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Эми Улуттук көчмөндөр оюндары эки жыл сайын өткөрүлүп турат

Спорт 0

Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. Эми Улуттук көчмөндөр оюндары эки жыл сайын өткөрүлүп турат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, спорттук иш-чаралар 16-сентябрда башталып, 21-сентябрда аяктаган. Маданий иш-чаралар 19-сентябрда башталган. Ал эми, оюндун расмий аземи 21-сентябрда болгон.

"Элдер көп келишти. Кыргызстандагы элчиликтин өкүлдөрү жана бүтүндөй жалпыга маалымдоо каражаттары катышты. Баардык иш-чаралар жогорку деңгээлде өттү", - дейт Жаманкулов.

Министр белгилегендей, Улуттук көчмөндөр оюндары ар бир эки жылда өткөрүлүп турат. Мындай аралыктын болушу облустар оюндарга даярданышы керектигин Жаманкулов кошумчалап кетти.

Белгилей кетсек, кийинки оюндар 2021-жылы Ош облусунда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий