• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эми ырчылар фонограмма менен ырдай албай калышы мүмкүн. Сунушталып жаткан долбоордун жол-жобосу

Коом 0

Бишкек, 21.10.19. /Кабар/. КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомдук талкууга “Маданият жөнүндө” КРнын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун жана өкмөттүн токтомунун долбоорун чыгарды.

Бул мыйзам долбоору укуктук жана ченемдик актыларды оптималдаштыруу, андан тышкары маданият жаатында мамлекеттик саясатты күчөтүү максатында иштелип чыккан.

Атап айтканда, кийинки өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:

1-берене

“Маданият жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» гезити,2009-жылдын 14-апрели, № 25) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1.1-берене төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

“репертуардык саясат-коруучулордун руханий-эстетикалык муктаждыгын канаатандыруу жана дуйно таанымын калыптандыруу учун театр тарабынан коюлган сценалык чыгармалардын топтому;

фонограмма - кинематография же башка аудиокөрүү чыгармаларына кошулган жазып алуу таризиндеги үндөрдөн тышкары, аткаруу үнүн же башка үндөрдү же болбосо үндөрдү чагылтууну жазып алуу;

үн фонограммасы - музыкалык чыгарманы аткаруучунун үнүнүн добуштук жазылмасы;

минустук фонограмма - музыкалык чыгарманы аткаруучунун үнүн камтыбаган музыкалык чыгарманын добуштук жазылмасы;

плюстук фонограмма - музыкалык чыгарманы аткаруучунун үнүн камтыган музыкалык чыгарманын добуштук жазылмасы”;

2) 25-берененин экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

3)Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 25-1-берене менен толуктоо:

“25 – 1-берене. Фонограммаларды пайдалануу.

Жалпы улуттук маанидеги иш-чараларды, ошондой эле телекөрсөтүү каналдары боюнча түз эфирде тартып алууларды жана көрсөтүүлөрдү кошпогондо, Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттеринин каражаттарынын эсебинен уюштурулган маданий-массалык иш-чараларда музыкалык чыгармаларды аткаруучулар тарабынан кызмат көрсөтүүдө үн жана плюстук фонограммаларды колдонууга жол берилбейт.

Музыкалык чыгармаларды аткаруу менен коштолгон, уюштурулуучу жана өткөрүлүүчү маданий-массалык иш-чараларга катышуу укугун берүү боюнча керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүчү жактар ушул беренесинин биринчи абзацындагы талаптарын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.

Ушул берененин экинчи абзацында көрсөтүлгөн жактар жөнүндө маалыматтар, билетте же маданий-массалык иш-чараларга катышууга укук берген башка нерседе көрсөтүлүшү керек.

Фонограммалардын түрлөрүн билеттерде, афишаларда, жарнактарда жана башка нерселерде көрсөтпөстөн, маданий-массалык иш-чараларда музыкалык чыгармаларды аткаруучулардын кызмат көрсөтүүсүнө жол берилбейт”.

Пикир

Оставить комментарий