• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Эми жарандар паспортту үйгө жеткирүү кызматын колдоно алышат – МКК

Коом 0

Бишкек, 27.09.17. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматы паспортту үйгө жеткирүү кызматын ишке киргизүүдө.

МКК басма сөз кызматы билдиргендей, бул чаралар мамлекеттик кызматтарды алууну жеңилдетүү, тейлөө сапатын жакшыртуу жана калкка мамлекеттик тейлөө көрсөтүү процесстерин жакшыртуу максатында көрүлүүдө.

Эми жарандар бул кызматты пайдаланып, даяр паспортту көрсөтүлгөн дарек боюнча ала алышат. Паспортту үйгө жеткирүү кызматы бардык паспорт жана калкты каттоо бөлүмдөрүндө, Калкты тейлөө борборлорунда жеткиликтүү.

Кызматты пайдаланууну каалаган жарандар документтерди тапшырууда паспортту жеткирүү керектигин белгилеп, жеткирүү акысын төлөп коюлары керек. Арызда жеткирүү дареги жана байланыш толук түрдө көрсөтүлөт. Бул аркылуу “Кыргызпочтасы” МИнин кызматкери арыз ээси менен байланышып, көрсөтүлгөн даректе болуу тууралуу кабарлайт. Жеткирүү акысы 100 сом.

Документтер даяр паспорт алынган күндөн кийин 2-3 күндүн ичинде жеткирилмекчи.

Бул кызмат “Таза Коом” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий