• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эмил Кайкиев ЕЭК энергетика жана инфраструктура министри болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 20.02.18. /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Эмиль Кайкиев Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекет башчыларынын чечими менен Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министри) болуп дайындалды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында маалымдалат.

20-февралдан тарта ал өз милдеттерин аткарууга киришти.

Жаңы министр ЕЭКте Кыргыз Республикасынын атынан чыгат.

Комиссиянын Коллегиясы 10 адамдан турат. Ар бир өлкөнүн атынан эки Коллегия мүчөсү болот.

Кыргызстандын ЕЭКте эки министри бар:

- Эмил Кайкиев – Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министри);

- Мукай Кадыркулов – Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) бажы кызматташтыгы боюнча Коллегия мүчөсү (министри) (бул кызматты 2016-жылдын 1-февралынан тарта ээлейт).

Кайкиев тышкы иштер министринин орун басары кызматынан кечээ бошотулган.

Ал бул орунда 2015-жылдын мартынан бери эмгектенип келген.

2016-жылдын июлунан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министри) кызматын Адамкул Жунусов ээлеп келген. Ал 2013-жылдан 2016-жылдын апрелине чейин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматын ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий