• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эмил Каптагаев С. Жапаровдун иши боюнча жабырлануучу деп табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12-июнь /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди Садыр Жапаровдун иши боюнча жабырлануучу деп тапты.

Жапаровдун жактоочулары иш менен таанышып чыгууга убакыт сурады.

Эскерте кетсек, ЖКнын мурдагы депутаты Садыр Жапаровду 25- мартта кармашкан. Ага каршы кылмыш иши 227, 341, 113 жана 234-беренелеринин негизинде ачылган.

Тергөө аныктагандай, 2013-жылдын 7-октябрында Караколдогу митингде «Фольксваген Венто» үлгүсүндөгү авто унаага өкмөттүн ал кездеги Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди күч менен салып, аны барымтага алышкан. Күбөлөрдүн берген көргөзмөсүнө ылайык, С. Жапаров уюлдук телефон аркылуу митингдин уюштуруучуларына Каптагаевди бошотпоо жана түзүлгөн пландын негизинде иш алып баруу боюнча көрсөтмө берип турган. Жыйынтыгында милиция кызматкерлеринин ыкчам аракети менен Э. Каптагаев бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий