• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эмил Осмонбетов эмнеге кызматтан алынган жок? Коопсуздук кеңешинин жообу

Коом 0

Бишкек, 07.02.19. /Кабар/. Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында эмне себептен Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин башчысы Эмил Осмонбетов иштен алынбагандыгы тууралуу маалымат берди.

Ал белгилегендей, 3-февраль күнү президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында өткөн Коопсуздук кеңешинде жер пайдалануу тармагында кемчиликтер жана коррупциялык көрүнүштөр тууралуу кеп болгон.

“Ушул жумада премьер-министр комитеттин башчысы Эмил Осмонбетовго сөгүш жарыялап, анын эки орун басарларын кызмат оордунан бошотуу чечимин кабыл алган. Бул жерде эмне себептен Осмонбетовдун өзү иштен алынган жок деген суроо туулат. Бирок материалдарды даярдоодо Осмонбетов өзү жер казынасын пайдалануу тармагы өзгөртүүлөргө муктаж экендиги тууралуу маалыматтарды табууга жардам берди”, - деп түшүндүрдү ал.

Пикир

Оставить комментарий