• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Эмил Осмонбетов Кара-Балта шаарындагы “Джунда” заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. Күн мурун, 17-сентябрда кураторлук программанын алкагында Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов Кара–Балта шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү "Джунда" заводуна барды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Осмонбетов ишкананын ишмердүүлүгү, азыркы учурдагы абалы менен таанышып, ошондой эле ишкананын жетекчилиги менен көйгөйлүү маселелерди талкуулап, анын чечүү жолдорун карашкан.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы мекеменин ишмердүүлүүгүн ар тараптуу колдоого даяр экендигин билдирген.

Сапардын жыйынтыгында мекеме менен биргеликте чогуу нефти же мунайды кайра иштетүүдө оптимизациялоо иш планын түзүү боюнча план коюлду", - деп айтылат маалыматта

Пикир

Оставить комментарий