• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Эмилбек Абдыкадыров "Бишкекбашкыархитектуранын" иш пландары менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги жана жамааты менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Жолугушууда Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев күнүмдүк кайрылуулардын саны, тапшырыкчыдан документтерди даярдоо процесси жана оң чечим чыккан учурда архитектуралык-шаар куруу корутундусун бергенге чейин айтып берди.

Ошондой эле Карыбаев мекемени санариптештирүү процесси жана "Бирдиктүү терезе" бөлүмүн оптималдаштыруу тууралуу маалымат берди.

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров мекеменин кызматкерлерин эффективдүү жана сапаттуу иштөөгө чакырды. Шаар мэри борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун ыңгайлуу жашоосу үчүн мэриянын кызматтары тарабынан аткарылып жаткан иштерге токтолду.

Мындан тышкары, Бишкектин башкы архитектору архитектуралык-курулуш тармагындагы бардык уруксат кагаздарын алуу үчүн "Бирдиктүү терезе" бөлүмүнүн базасында бирдиктүү хаб деп аталган борбор түзүүнү пландоодо.

Пикир

Оставить комментарий