• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эмизүү баланын ашыкча салмак кошуу ыктымалдуулугун азайтат – ЮНИСЕФтин өкүлү

Ден соолук 0

Бишкек, 01.08.18. /Кабар/. Ымыркай кезинде эмчек сүтүн ичкен өспүрүмдөрдө жана чоңдордо толуп кетүү жана ашыкча салмак кошуу ыктымалдуулугу аз. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо билдирди.

Анын айтымында, эмизүү ымыркайлар үчүн идеалдуу азык болуп саналат.

“Бала кезинде эмчек сүтүн ичкен өспүрүмдөр жана чоңдордо толуп кетүү ыктымалдуулугу азыраак. Алар интеллектуалдык өнүгүү боюнча тесттерде жакшы жыйынтыктарды көрсөтүшөт. Эмчек сүтүнүн энелерге дагы пайдасы зор. Ал эмчек рагынын күчөп кетүү коркунучун, диабет, төрөттөн кийинки депрессиянын тобокелдерин азайтат”, - деди Юкиэ Мокуо.

Ал эгерде эмчек сүтүн ичишсе, жыл сайын 820 миң баланын өмүрү сакталып калмак экендигин кошумчалады. Дүйнө жүзүндө 6 жашка чейинки балдардын 40 пайызы гана толук эмизилет.

Пикир

Оставить комментарий