• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эмне үчүн айыл чарба продукциясын кайра иштетүү маанилүү? Министрликтин жообу

Коом 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. Өлкө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн тамак-аш продукциясынын 70%ын өзүнүн аймагында өндүрүшү керек. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев билдирди.

Анын айтымында, ведомство дыйкандарга азык-түлүк коопсуздугун биринчи кезекте дан жана ун менен камсыздоону сунуштайт.

«Бул үчүн биз дыйкандарды жогорку түшүмдүү үрөн менен камсыздашыбыз керек. Азыр сертификатталган үрөн менен камсыздоо 15%дан көп эмес экенин моюнга алышыбыз зарыл. Дыйкан гектарынан 40 центнерден кем эмес түшүм алышы үчүн бизге жылына 58 миң тонна үрөн керек. Бүгүнкү күндө түшүмдүүлүк эң жакшы дегенде гектарына 23-24 миң тоннаны түзөт. Дан эгиндер боюнча азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө айта албайбыз»,-деди Мукашев.

Ал ошондой эле дүйнөлүк практикада 70%га чейин айыл-чарба азыктары кайра иштетилет, 30%ы гана базарга жаңы түшөрүн кошумчалады.

«Кыргызстанда тилекке каршы кайра иштетүү 17%ды гана түзөт. Ал эми 83% продукция жаңы түрүндө түшөт, анын 30%ы ташуу жана башка учурда бузулат. Жыйынтыгында дыйкан эле жапа чегет, ошондуктан шаардык тургундар азыктарды жеткиликтүү баада ала алышпайт. Бүгүн биз кайра иштетүү боюнча кластерди көтөрүүгө аракет кылып, инвесторлорго кыргыз айыл чарба азыктарын кайра иштетүү боюнча долбоорлорду сунуштоону пландап жатабыз»,-деп кошумчалады ал.

Ал ошондой эле Кыргызстан, мисалы, картошканы тонна менен экспорттобостон, картошканын унун жана крахмалды экспорттошу керектигин белгиледи. "Башкача айтканда, максималдуу кошумча нарк өлкө аймагында калышы керек", - деп түшүндүрдү министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий