• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эмне үчүн башка жакка учканда эмдөө тууралуу сертификат болсо да ПЧР-тест талап кылынат?

COVID - 19 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн өлкөлөрдө кургакта, аба жана темир жол аркылуу чек араларды кесип өтүүдө COVID-19 үчүн милдеттүү ПЧР-тести сакталып калууда. Кыргызстанга киргенде жарандар ПЧР-тестинин терс жыйынтыгын же толук эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу күбөлүк көрсөтө алышат.

Бирок, мисалы, Европа өлкөлөрү жана Кыргызстанга коңшу мамлекеттер (Россия, Казакстан ж.б.) коронавируска каршы эмдөө сертификатына ээ болгонуна карабастан, ПЧР-тесттин терс жыйынтыгын талап кылат.

Тилекке каршы, Кыргызстан сыяктуу көптөгөн мамлекеттер калктын 70% эмдөөнү камсыздай элек. Андыктан эл көп чогулган жерлерде – аэропорттордо, бекеттерде ж.б. SARS-CoV-2нин белгилери байкалбай алып жүрүүчүлөрдүн болуу коркунучу бар. Алар башкаларга, анын ичинде эмделген жарандарга коркунуч жаратышы мүмкүн. Коронавируска каршы вакцина иммунитетти өнүктүрүүгө жардам берет, катуу оорудан, татаалдашуудан жана өлүмдөн коргойт. Ошол эле учурда, белгилүү болгондой, ковидге каршы вакцина өмүр бою сакталуучу иммунитетти пайда кылбайт.

Коронавирус инфекциясын жугузуу коркунучун кыйла азайтуу үчүн жамааттык иммунитеттин зарыл болгон деңгээлине жетишүү маанилүү.

Пикир

Оставить комментарий