• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эмне үчүн кант диабетинде коронавируска каршы эмдөө маанилүү? Жооп

COVID - 19 0

Бишкек, 26.08.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Эндокринологиялык борборунун бөлүмүнүн башчысы Кайыргүл Жоошбаева брифинг учурунда кант диабетинде эмдөөнүн маанилүүлүгү туурасында айтып берди.

Анын айтымында, дүйнө жүзүндө саламаттык сактоо тармагындагы эксперттер кант диабетинин биринчи жана экинчи типтеги жана башка сейрек кездешүүчү диабет (гестациялык диабетти кошпогондо) менен ооругандарга каршы көрсөтмөлөрдү жана сактык чараларын сактоо менен COVID-19га каршы эмдөөнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө айтып жатышат. Белгилүү болгондой, инфекцияга каршы иммунитет COVID-19 оорусу менен ооругандан кийин калыптанат же эмдөө аркылуу пайда болот”, - дейт ал.

Жоошбаева маалымдагандай, кант диабети менен ооругандардын эмдөө үчүн артыкчылыктуу топтору:

• Кан тамыр жактан коп кабылдоолору бар оорулуулар;
• Жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптар;
• Бөйрөктүн алмаштыруучу терапиясын албаган 5-стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорулуулар;
• Диализдеги бейтаптар,
• Бөйрөктү алмаштыргандан кийинки бейтаптар; кан тамыр жактан көп кабылдоолору барлар.

“Эмдөө жөнүндө чечимди бейтаптын дене температурасын өлчөө менен жалпы текшерүүдөн өткөрүп (эгер температура 37°Сден ашса, эмдөө жүргүзүлбөйт), бейтаптын макулдугуна кол койгондон кийин дарыгер кабыл алат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий