• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эмне үчүн комбанкттар доллар жана еврону нак акчага айландырууга комиссия киргизди? Жооп

Экономика 0

Бишкек, 08.08.22. /Кабар/. Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында АКШ доллары менен еврону накталай акчага алуу үчүн комиссиянын киргизилишинин себептерин билдирди.

"Коммерциялык банктар тарабынан АКШ долларын нак акчага айландырууга киргизген комиссияга келе турган болсок, бул комиссиялар өлкөбүзгө нак АКШ долларын ташып келүүгө кеткен чыгашалардын ордун жабуу үчүн каралгандыгын белгилей кетүү керек. Себеби нак долларды ташып келүүнүн альтернативдүү жолдору мурункусуна салыштырмалуу кыйла кымбатка түшкөн", -деди Жеңиш.

Ал белгилегендей, буга чейин Кыргызстанга нак АКШ доллары негизинен Россиядан төмөн комиссия менен келип турчу.

"Россияга салынган санкцияларды жана Россияга нак АКШ долларынын жана евронун келип түшүүлөрүн толугу менен токтотууну эске алганда, жергиликтүү коммерциялык банктар башка өлкөлөрдөн нак АКШ долларын жана еврону ташып келүүнүн альтернативдүү жолдорун издегенге аргасыз. Жаңыдан киргизилген комиссиялар боюнча түшүндүрмө берүү максатында, коммерциялык банктар кардарларына жаңы комиссиялык төлөмдөрдү киргизүүнүн себептери тууралуу кыйла жигердүү иштерди жүргүзүүсү зарыл экендиги талашсыз", - деди ал.

Анын айтымында, коммерциялык банктардан алынган маалыматка ылайык, АКШ долларын нак акчага айландыруу үчүн комиссиянын минималдуу өлчөмү 0,4%, максималдуу өлчөмү – нак акчага айландырылып жаткан чет өлкө валютасынын суммасынан 5% түзөт.

"Ошол эле учурда банк мыйзамдарында керектөөчүлөргө маалыматтын ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган шартта, банк кызмат көрсөтүүлөрү үчүн комиссиялык сый акылар менен тарифтерди банктар өз алдынча белгилей тургандыгы каралган", - деп кошумчалады Нурбек Жеңиш.

Пикир

Оставить комментарий