• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эмне үчүн С.Жээнбеков? Анткени, салабаттуу адам дайыма ишенич жаратат

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 04.10.17 /Кабар/. Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду Кыргызстандагы ондогон партиялардын, белгилүү коомдук уюмдардын колдоп чыгышынын негизги бир себеби бар. Алар баарынан мурда өлкөбүздөгү бүгүнкү саясий туруктуулукту, экономикадагы жанданууну, жалпы эле мамлекетибиздеги соӊку жылдардагы жетишкендиктердин мындан аркы улануусун каалашат. Төмөндө алардын айрымдарынын ой-пикирлерин келтирилген.

Михаил Фомченко, «Союз» партиясынын тɵрагасы:

- Биринчиден, Сооронбай Жээнбеков турмуштук да, эмгектик да жолдун бардык тепкичтерин басып ɵтүп, президенттикке бардык жагынан даяр адам. Ал эмгек жолун орус тили мугалими болуудан баштап, ɵкмɵт башчылыкка чейин жетти. Бул аралыкта не деген сыноолор, такшалган тажрыйба жатат. Мындай тажрыйбага бардыгы эле ээ эмес. Кɵптү кɵргɵндүк, кɵптү билгендик жагынан Сооронбай Жээнбековго тең келерлик талапкер жок. Ал эми ɵзүңдү пиарлоого акылдын деле кереги жок. Анын үстүнɵ акчаң бар болсо, анда ɵзүңдү мактатуу кыйынчылык туудурбайт.

Экинчиден, талапкердин конкреттүү иштерин, жараткан натыйжаларын карашыбыз керек. Мисалы, С.Жээнбеков ɵкмɵт башчы болуп турганда экономикалык кɵрсɵткүчтɵр жогору болду. Буга чейин мындай ɵсүш темпи болгон эмес.

Тажрыйбасы, даярдыгы жок эле бара бергидей президенттик кызмат оюнчук эмес да. Ɵлкɵ башчылыгына мамлекетчил адам келгени эң туура. Жээнбеков ɵлкɵ кызыкчылыгын баарынан жогору коёт, ɵлкɵгɵ чындап күйɵт, элдин камын кɵрɵт. Талкалангандарды калыбына келтирип, жаңыларын куруп, ɵндүрүштү ɵркүндөтүү менен жумушчу орундарын түзүү зарылдыгын билет. Мамлекетчил адам мына ушундай ойлонот.

Жолдош Бейшеев, Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык Кеңешинин тɵрагасы:

- Эмне үчүн Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоону чечтик? Биринчиден, ал бул кызматка татыктуу, аткаруу бийлигинин бардык тепкичтерин басып ɵткɵн. Экинчиден, ак, таза иштейт, кээ бирлердей кызматынан пайдаланып акча жасоого умтулбайт. Υчүнчүдɵн, туруктуу, салабаттуу адам, коомдо, мамлекетте да стабилдүүүлүк, тынчтык болушун жактап, ал үчүн колунан келгенин кылат. Ошондуктан биз, ооганчылар анын талапкерлигин колдоп жатабыз, анын келиши менен ɵлкɵдɵ бүгүнкү туруктуулук уланса дейбиз.

Жээнбековдун тажрыйбасы мол болсо, ɵкмɵт башчы Сапар Исаков жаңыча ойлонгон, идеяга, демилгеге бай жаңы муундун ɵкүлү. Жээнбеков тажрыйбасынан бɵлүшүп, кеп-кеңешин берип турса, Сапар Исаков аны жүзɵгɵ ашырып турат. Бул тажрыйба менен идея ширелишкен команда пайда болду дегенди билдирет. Эми бул тандем ɵлкɵбүздү ɵргɵ сүйрɵп, экономикабызды ɵсүшкɵ алып барса дейбиз.

Съездбек Турдубаев, «Билим-Илим Ордосу» партиясынын тɵрагасы: “Элдин кɵйгɵйлɵрүнɵ ɵзгɵчɵ кɵңүл бɵлɵт”

- Биздин партия 2010-жылы мугалимдерди колдоо багытында негизделген. Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер кылып кɵрсɵтүшкɵндɵ партиябыздын жер-жердеги ɵкүлдɵрү, координаторлору менен сүйлɵшүп, ушул кишини колдоону чечтик. Себеби ал өкмɵт башчы болуп турганда мугалимдер, билим берүү тармагында иштеген кызматкерлер үчүн Ысык-Көлдөгү “Асыл” пансионатын бердирди. Мунун баары илим-билимге камкордук көргөндүктөн улам жасалып жатат деп билебиз.

Айрыкча мектептерди туташ компьютерлештирүү, санарипке өткөрүү сыяктуу заманбап билим берүүгө багытталганы бизди кубандырат. Адам катары ишеничтүү, жɵнɵкɵй, туруктуу, адамгерчиликтүү. Ɵзүңɵр ойлоп кɵргүлɵчү, сɵзүнɵ бек, айтканын аткарган, позициясы туруктуу, элге жакын адамдын президент болгону жакшыбы, же мындай сапаттарга антипод адам ɵлкɵ лидери болсунбу?

Тынчтык Дүйшɵналиев, «Славян дүйнɵсү» коомдук бирикмесинин координатору:

- Мындай кадамга барганыбыздын жүйөлүү себептери бар. Ал өзүнүн жөнөкөй, жупунулугу менен башка талапкерлерден айырмаланып турат. Экинчиден, анын программасындагы милдеттер асмандан алынган эмес, реалдуу, конкреттүү. Мисалы, Атамбаевдин учурунда кɵп нерселер башталды, ишке ашырылды. Эми ошол багытты улантам, аягына чыгарам деп жатат. Башка бирɵɵ келсе, ал ɵзүнүн “реформасын” баштайт, кайра башынан түшмөй. Анын үстүнɵ айрым талапкерлер реалдуу эмес, аткарылышы ɵтɵ арсар нерселерди айтып жатат.

Анын мамлекет мүлкүнɵ, эл ырыскысына кол салбай ак, таза иштеп келатканы мамлекетчил экенин андан бетер ырастайт. Мындан сырткары, Жээнбеков шайланып калса, ɵкмɵт башчы Сапар Исаков менен тандемде иш алып барууга туура келет, бул жакшы кɵрүнүш. Бири тажрыйбалуу, экинчиси жаңы муундагы жетекчи.

Жумагазы Садыр уулу, «Ашар козголушу» коомдук бирикмесинин жетекчиси:

- Сооронбай Жээнбеков саясаттагы туруктуулугу, негиздүүлүгү жана жасаган иштеринин конкреттүүлүгү менен башка талапкерлерден артыкчылыкка ээ. Кээ бирлердей тɵш кагып, мактанбайт, куру сɵздɵрдү, кыялдарды айтпайт.

Эмне үчүн анын программасы реалдуу жана иш жүзүнɵ ашат? Биринчиден, Жээнбеков негизделип калган жолду, багытты улантат. Экинчиден, ал башка талапкерлердей жаңы команда топтоп олтурбайт. Шайланган күндүн эртеси эле Кыргызстандын ɵнүгүү багытын, саясатын улантууга киришет. Ɵкмɵт бар, ишеним жаратарлык программасы, алган багыты да бар. Образдуу айтканда, Жээнбеков чаап келаткан аттын дүбүртү шайлоодон кийин да басаңдабай шыр кетет. Бул жагынан алганда, буйруса Сооронбай Жээнбеков менен Сапар Исаковдун тандеми ийгиликтүү иштеп, жакшы натыйжаларга жетишерин бɵркүмдɵй эле кɵрүп турам.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 04.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий