• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Эмне үчүн шайлоо бюллетендери таштандыда жаткандыгы айтылды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги маалымат жыйында ыкчам чара көрүү координациялык тобунун жетекчиси Тынчтык Шайназаров эмне үчүн шайлоо бюллетендери таштандыда жаткандыгын айтты.

Эскерте кетсек, Бишкектеги №1054 шайлоо тилкесиндеги таштандыдан бюллетендер табылганы айтылган.

“Таштандыдан табылган бюллетендер тесттик бюллетендер болгон”, - деп белгиледи Шайназаров.

Координациялык топтун жетекчиси буга чейин түшкөн 25 кайрылуунун бардыгы текшерилгенин кошумчалады.

“Анын үчөө админресурс, 10у үгүт иштеринин бузулушу, бирөө бюллетенди сүрөткө тартып алуу, экөө урнада белгисиз адамдын турушу, 8и комиссиянын аракетине карата жана бирөө добуш сатып алуу боюнча кайрылуу түшкөн”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий