• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эмне себептен кыргызстандыктардын ойлоп табуулары өнөр жайда пайдаланылбайт? – “Кыргызпатенттин” жообу

Коом 0

Бишкек, 16.08.18. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 6 миң 897 ойлоп табуу каттоодон өткөн.

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, алардын көпчүлүгү агрардык, медициналык жана өнөр жай тармактарына тиешелүү.

Ведомствонун төрайымы Динара Молдошева “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында инновациялык идеялардын авторлору көбүнчө жогорку окуу жайлардын илимий кызматкерлери экендигин айтты. Бирок экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугуна байланыштуу алардын ойлоп табуулары өнөр жайда жана соодада көп колдонулбай келет.

"Өлкөдөгү ойлоп табуучулуктун төмөнкү деңгээли мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүнөн көз каранды. Ойлоп табуулар жарыкка чыгып, аны эл колдонушу керек. Кыргызстандагы ойлоп табуулардын 50 пайыздан көбү ЖОЖдордун докторант, кандидаттарына таандык. Бирок бүгүнкү күндө биз аларды өнөр жайда колдоно албай жатабыз", - деп билдирди Молдошева.

24-августта Тоң районунун Ак-Сай айылында жергиликтүү ойлоп табуучулар жасаган сууну бөлүштүрүү боюнча агрегаттын бет ачары болот. “Кыргызпатенттин” жетекчилиги ишкерлерди атамекендик ойлоп табууларды баалоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий